36
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
1.9
ТБ себеттери продуктуларды ичине салуу жана алар-
ды кайра алуу маалында ыңгайлуу болсун үчүн кармоочтору,
ошондой эле 3-сүрөткө ылайык муздаткычтан тышкары турганда
көтөрүүгө ыңгайлуу болсун үчүн каптал беттеринде кармай тур-
ган жерлери бар (төмөнкү себеттен башкалары). Себеттин дизайн
жасалгасы 3-сүрөттөн айырмаланып туршу ыктымал.
2 Б А Ш К А Р У У Б Л О Г У
2.1
Башкаруу блогу4-сүрөткө ылайык дисплейге жана сезим-
тал башкаруу кнопкаларына ээ (мындан ары – кнопкалар), алар
колдун манжасы менен жеңил эле тийген учурда иштей баштайт.
Кнопкаларды басууда кнопкалардын үстүңкү бетинин форма-
сы бузулуп калуудан сактануу үчүн башка бир буюмдарды кол-
донууга жана өтө катуу күч менен басууга
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
Башкаруу блогу пленка менен корголгон, аны муздаткычты
пайдаланардын алдында алып салуу керек.
2.2
Муздаткыч иштеп жаткан маалда дсплейдин жарык болуп
күйүшү анча ачык болбойт – энергияны сактоо режими кошулуп
иштей баштайт. Каалагандай кнопкасын басканда же МБ эши-
гин ачкандаидисплей иштөөнүн активдүү режимине өтөт – жа-
рык берүү ачык түстө болот.
2.3
Дисплейде муздаткычтын иштөө индикаторлору чагыл-
дырылат (4-сүрөттө шарттуу түрдө жарык менен берилген). Ин-
дикаторлор утурумдук убакытты, тандалып алынган температу-
раны чагылдырат жана функцияларынын иштей баштаганды-
гын билодирет.
2.3.1
ТБдегү жогорку температуранын индикатору
( )
ТБ температура жогорулап кетсе күйүп калат (мисалы, алгачкы
жолу иштегенде же жыйнап-тазалагандан кийин кайра кошкон-
до, көп сандагы жаңы продуктыларды салганда). Индикатордун
кыска мөөнөткө иштеш үчүн кошулушу (мисалы, ТБнун эшигин
узак мөөнөткө ачканда) муздаткычтын бузуктугунун белгиси бо-
луп эсептелбейт: бөлүмдө температура төмөндөгөн кезде ин-
дикатору автоматтык түрдө өчөт.
Индикатор узак мөөнөткө күйүп турганда сакталып жаткан
продуктылардын сапатын текшерүү керек жана сервистик кыз-
маттын механигин чакырып көрсөтүү керек.
индикаторунун өчүп-күйүп турушу электр түйүнүндөгү
чыңалуунун берилишиндеги бузуктуктардан же кийин кайра иш-
тей баштоо менен белгисиз мөөнөткө энергиянын өчүп калышы-
нан улам продуктылардын эрип кетишинен белги бериши мүмкүн.
ok
кнопкасын басканда өчүп-күйүү өчүрүлөт.
2.4
ҮН МЕНЕН БЕЛГИ БЕРҮҮ
2.4.1
Үн менен сигнал берүү, эгерде МБнун эшиги 60 секунд-
дан көп убакытка ачык туруп калса иштеп баштайт. Үн белгиси
бөлүмдүн эшиги жабылганда же
ok
кнопкасын басканда (МБ эши-
ги ачык кезинде) өчүрүлөт.
2.4.2
Үн менен сигнал берүү, ошондой эле функцияны тан-
доодо, иштетүүдө же өчүрүүдө кнопкаларды баскылоодо да чы-
гып турат.
2.5
БАШКАРУУ БЛОГУНУН ТАМГАЛЫК-САНДЫК
КӨРСӨТКҮчТӨРҮ
2.5.1
ТБ жана МБда температураны көрсөтүүчү индика-
торлордо муздаткычтын ишинин талданышына байланышкан
тамгалык-сандык көрсөткүчтөр күйүп калышы ыктымал:
—
«H»
. Эгерде бөлүмдөгү температура белгиленген темпе-
ретарудан жогору болсо өчүп-күйө баштайт (муздаткычты электр
түйүнүнө кошкон маалда, бөлүмдүн эшиги узак мөөнөткө ачык
бойдон калганда, жаңы продуктылардын өлчөмү коп салынганын-
да ж.б.у.с.). Индикатор бөлүмдө тандалып алынган температура
калыбына келген кезде өчүп калат;
—
«L»
. Эгерде бөлүмдөгү температура белгиленген темпе-
ретарудан төмөн болсо, “Тоңдуруу” функциясы иштетилген бол-
со өчүп-күйө баштайт. Бөлүмдө тандалып алынган температура
калыбына келгенден кийин өчүп калат;
—
«SC»
. “МБны супертоңдуруу” функциясын иштеткенде
күйөт жана аны өчүргөндөн кийин өчүп калат;
—
«SF»
. “Тоңдуруу” функциясын иштеткенде күйөт жана аны
өчүргөндөн кийин өчүп калат;
—
«F1», «F2», «F3»
. Бузуктуктар пайда болгондо күйө баштайт.
Юашкаруу блогунда
«F1», «F2», «F3»
күйүп турган маалда,
ошондой эле
«L», «H»
24 саат бою өчүп-күйүп турганда, пайда
болгон бузуктуктарды жоюу үчүн сервистик кызматтын механи-
гин чакыруу зарыл болот.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! «F1», «F2» көрсөткүчтөрү бөлүмдөрдөгү
температуранын датчиктеринин иштешиндеги бузуктук
-
тарга байланыштуу болот: «F1» — в МБ, «F2» — в ТБ. «F3»
көрсөткүчү ТЮнун иштешиндеги бузуктуктарга байланыштуу.
Муздаткыч бул көрсөткүчтөр көрүнүп турган кезде иштөөсүн
уланта берет, бирок бөлүмдөрдөгү температура тандалып
алынган температурага дал келбей калышы ыктымал
.
3 М У З Д А Т К Ы ч Т Ы Н И Ш Т Е Ш И Н Б А Ш К А Р У У
3.1 МУЗДАТКЫчТЫ ИШТЕТЕ БАШТОО
3.1.1
Муздаткычты биринчи жолу электр түйүнүнө кошууда
башкаруу блогу бөлүмдөрдө мурун белгиленген температураны
жана милдеттерин (эгерде алар иштетилген болсо) чагылдырат.
Утурумдук убакытты башкаруу блогунда ошол мезгилдеги саат-
ка карап кайрадан белгилөө керек болот.
3.1.2
Муздаткычты иштете баштоо үчүн узак убакытка (3 сек
көбүрөөк)
кнопкасын басуу керек болот. Дисплейде жана
индикаторлору күйөт, ошондой эле бөлүмдөрдөгү муздаткыч
өчүрүлгөнгө чейин орнотулган температуралар көрсөтүлүп ту-
рат. МБде жана ТБдага температуралар индикаторлорунда «H»
күйүп-өчө баштайт, бул көрсөткүчтү эгерде бөлүмдөрдөгү темпе-
ратуралар сактоонун тандап алынган температурасынан жогору
болсо гана көрсөтөт.
Муздаткычты иштеткенден кийин ТБдагы температура жо-
горулатылгандыгы үчүн индикатору күйүп – өчө баштайт.
индикаторунун күйүп-өчүшүн
ok
кнопкасын басуу менен өчүрүү
керек болот – мында индикатор туруктуу күйүп калат. Андан кий-
ин бөлүмдөрдөгү температураны жана кошумча функцияларды
(зарыл болгон учурларда) тандоо керек болот. МБ жана ТБдагы
температуранын тандалып алынган көрсөткүчтөрү өчүп-күйгөн
«Н»ге алмашат.
Бир аз убакыт өткөндөн соң «Н»дин өчүп-күйүшү токтойт,
индикатору өчөт жана дисплейде МБ жана ТБдагы белгилен-
ген температуралардын көрсөткүчтөрү пайда болот. Ушул кезде
муздаткычка продуктыларды салууга болот.
3.2
МУЗДАТКЫч БӨЛҮМҮН ИШТЕТЕ БАШТОО
3.2.1
МБны иштете баштоо (эгерде ал өз алдынча
өчүрүлгөн болсо)
ok
кнопкасын узак убакыт басып туруу (3
секунд бою) менен жүзөгө ашырылат – дисплейде индика-
тору жана МБдагы өчкөнгө чейинки белгиленип коюлган тем-
пература көрсөтүлүп калат.
3.3
БӨЛҮМДӨГҮ ТЕМПЕРАТУРАНЫ БЕЛГИЛӨӨ
3.3.1
Температуранын тандоого мүмкүн болгон диапазону:
— МБда плюс 2
0
Стан плюс 8
0
Сга чейин,
— ТБда минус 16
0
Сдан минус 24
0
Сга чейин.
КӨҢҮЛ БУРГУЛА! Жаңы продуктыларды сактоо үчүн эң
ыңгайлуу температуранын мааниси болуп — плюс 5
0
С эсеп
-
телет, тоңдурулган продуктылар үчүн — минус 18
0
С
.
3.3.2
ҢБда же ТБда температураны коюу үчүн төмөнкүлөрдү
жасоо керек:
—
кнопкасын басып, бөлүмдүн индикаторун тандоо
(МБ — индикатору, ТБ — индикатору ) жана
ok
кнопкасын тан-
дообузду тактоо үчүн басышыбыз керек. Эгерде 3 секунд ичинде
ok
кнопкасы басылбаган болсо, анда башкаруу блогу өзгөртүүнү
сактабайт – дисплейден индикатор өчөт;
—
же
кнопкасын басуу менен температуранын маа-
нисин тандап алып,
ok
кнопкасын басуу керек.
3-сүрөт — Себет
кармоочу
кармоочу
кармоочу