15
KYR
1- сүрөт – Тоңдургуч жана себилдегичтери
3-сүрөт – Тоңдургучтун башкаруу түзүлүштөрү
*
М-7204-ХХХ нын комплектине кирет
.
1 Т О Ң Д У Р Г У Ч Т У Н С Ү Р Ө Т Т Ө М Ө С Ү
1.1
1–сүрөткө ылайык,тоңдургуч жаңы азык–түлүктөрдү
тоңдурууга, тоңдурулган азык–түлүктөрдү корзиналарда сактоого
жана тамак–аш музун даярдоого арналган.
Тоңдургуч эки режимдин биринде: «Сактоо» режиминде же
«Тоңдуруу» режиминде иштей алат.
1.2
Тоңдургучту курчап турган чөйрөнүн плюс 10
0
С дан плюс
43
0
С чейинки температурада пайдалануу керек.
1.3
Тоңдургучту пайдаланууга зарыл болгон жалпы мей-
киндик 2-сүрөттө миллиметр менен көрсөтүлгөн габариттик
өлчөмдөрү менен аныкталат. Тоңдургучтун ичинен себилдегич-
терин тоскоолдуксуз алып чыгуу үчүн эшикти 90
0
кем эмес бурчка
ачуу зарыл.
2 Т О Ң Д У Р Г У Ч Т У Н И Ш Т Ө Ө С Ү Н Б А Ш К А Р У У
2.1 БАШКАРУУ ТҮЗҮЛҮШТӨРҮ
2.1.1
3-сүрөткө ылайык башкаруу түзүлүштөрү болуп
төмөнкүлөр эсептелинет;
–
температураны жөнгө салгыч тутка
(мындан ары тутка)
ал сааттын жебесинин жүрүшү менен жана ага каршы дагы бура-
лат. Тутканы тегерете санариптик белгилер жайгашкан: «1» белги
камерадагы эң жогорку температурага (эң аз муздатуу) дал келет,
«7» белги – эң төмөнкүнү (эң жогорку муздатуу);
–
«Тоңдуруу» режиминин ажыраткычы
(мындан ары
ажыраткыч), «Тоңдуруу» режимин ишке киргизүүгө/ажыратууга
арналган жана эки белгиси бар: «I» – ишке киргизүү жана «0»
– ажыратуу.
2.1.2 Жарыктын индикаторлору
:
–
ишке киргизүү
(жашыл түс). Тоңдургуч иштеп жатканда
дайыма күйүп турат. Аны ажыратканда же электр тармагында
чыңалуу жок кезинде өчөт;
–
«Тоңдуруу» режими
(сары түс). «Тоңдуруу» режимин
иштеткенде күйөт. Режимди ажыратканда жана ошондой эле
тоңдургучту ажыратканда өчөт;
–
жогорку температура
(кызыл түс). Тоңдургучта темпе-
ратура жогорулап кеткенде күйөт (мисалы, алгачкы иштетүүдө,
көп өлчөмдөгү жаңы азык-түлүктөрдү салууда, эриткенден кийин
кошууда). Индикатордун кыска убакытка иштөөсү (мисалы, эшик
көпкө ачылып турганда) тоңдургучтун бузуктугунун белгиси эмес,
тоңдургучтагы температуранын төмөндөөсүндө индикатор ав-
томаттык түрдө өчөт. Индикатордун узак убакытка күйүүсүндө
сакталып жаткан азык-түлүктөрдүн сапатын текшерүү зарыл жана
тейлөө кызматынын механигин чакыруу керек.
2.2 ТОҢДУРГУЧТУ ИШКЕ КИРГИЗҮҮ/АЖЫРАТУУ
2.2.1
Тоңдургучту ишке киргизүү аны электр тармагына
кошууда жүргүзүлөт – 3-сүрөткө ылайык ишке киргизүүнүн ин-
дикатору күйөт.
Тоңдургучту ажыратуу үчүн аны электр тармагынан ажыратуу
керек – ошондо индикатор өчөт.
корзина
корзина
корзина
корзина
BIG BOX корзинасы*
корзина
корзина (төмөнкү)
муз үчүн форма
буроо арткы таканчык
тоңдургучтун эшиги
90
0
613
1202
арткы таканчык
корзина
2-сүрөт – Тоңдургуч ( үстүнөн караганда)
температураны
жөнгө салгыч
тутка
«Тоңдуруу»
режиминин
индикатору
ишке киргизүүнүн
индикатору
«Тоңдуруу» режими-
нин ажыраткычы
Жогорку температуранын
индикатору
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является