54
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
контргайка
таканчык
АЧЫК
ЖАБЫК
чыпка
ний зымдарынан турган үч зымдуу кабель тартылышы керек. Фазалык
зым электр түйүнүнүн коргоосунун автоматтык жабдуусу аркылуу туташ-
тырылышы керек, ал максималдык 16 А токко эсептелиши керек, анын
иштөө убактысы 0,1 с көп эмес.
Эгер розеткага көргөзүлгөн кабел тартылып келбесе, же машинаны
орното турган жерден алынып салган болсо, электр түйүнүн кайра жасап,
розетканы кайра монтаждоо керек. электр түйүнүн кайра жасоо боюнча
иш квалификациялуу адис тарабынан жүргүзүлүшү зарыл.
Өзүнчө зым тартып келүү, о.э. жылытуучу, суу түтүгүнүн жана ка-
нализациялык жабдуулар аркылуу тартып келүүгө
ТЫЮУ САЛЫНАТ.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Өндүрүүчү (сатуучу) ден соолукка жана
жеке менчикке келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик тартпайт, эгер
ал туташтырылууга көргөзүлгөн талаптар сакталбагандыгы менен
байланыштуу болсо.
3.4 СУУ ТҮТҮГҮНӨ ЖАНА КАНАЛИЗАЦИЯГА ТУТАШТЫРУУ
3.4.1
Машина 3/4 дюймдуу сайлуу кыска түтүк менен суу берилген
кран аркылуу муздак суу түйүнүнө туташтырылат.
3.4.2
Машинаны суу түтүгүнө кошуунун алдында аткарылышы керек:
— суу кранын ачып, түтүктөн кум жана дат сыяктуу жаман суулар-
дын агып кетиши үчүн сууну агызыш керек;
— 6 же 7-сүрөткө ылайык, куюучу түтүктөгү чыпканын тазалыгын
текшерүү керек;
— эгер куюучу түтүктө 6-сүрөткө ылайык, коргоочу тутуму бар бол-
со, анда түтүктүн атайын айнегиндеги түскө көңүл буруу керек. Айнектин
сары түсү түтүктүн иштээрин билдирет;
— куюучу түтүктү 6 же 7-сүрөткө ылайык суу берүү кранынын сай-
луу кыска түтүгүнө туташтырып, гайканы кол менен катуу буроо керек.
3.4.3
Кир жуу учурунда суу берүү краны 9-сүрөткө ылайык толук ачы-
лып турушу керек.
3.4.4
Машинадан сууну төккөн түтүк 10-сүрөткө ылайык, полдун
деңгээлинен 60 же 90 сантиметр бийик турушу керек. Бул талап атка-
рылбаган учурда машина иштебейт.
3.4.5
Сууну түздөн түз канализацияга төгүү үчүн машинанын түтүгү
агып кетиш үчүн жарымынан өйдө жагына, ички диаметри 40 мм кем эмес
канализация түтүгүнө орнотулат, төгүлгөн суу кайра машинага сорулушу-
нан качуу үчүн ушундай кылынат.
Төгүүчү түтүк 11-сүрөткө ылайык, түздөн түз сифонго туташтыры-
лышы керек.
3.4.6
Сууну ваннага же мойкага төккөн учурда, түтүктү 12-сүрөткө
ылайык бүгүлгөн жеринен атайын кронштейн менен бекитүү керек, ал
машинанын жеткирүү жыйнагына кирет. Түтүк сууга чөкпөй турушу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Суу куюучу жана төгүүчү түтүктөр суу
түтүгүнө жана канализацияга кошулгандан кийин бүгүлбөшү же кы
-
сылбашы керек.
3.4.7
Машинаны суу түтүгүнө жана канализацияга туташтыргандан
кийин түтүктөрдүн туташуу герметикасын текшерүү керек – туташкан жер-
лер кургак болушу керек.
4 Б И Р И Н Ч И К Ү Й Г Ү З Ү Ү
4.1 БИРИНЧИ КИР ЖУУ
4.1.1
Ар бир машина өндүрүүчүдөн сынактан өтөт, ошондуктан ма-
шинада суунун көп эмес өлчөмү болушу мүмкүн. Машинаны ичинен та-
залоо үчүн жана сыноодон калгандан кийинки сууну жоготуу үчүн, бирин-
чи жууну кир салбай аткаруу керек.
4.1.2
Биринчи кир жууну “ПАХТА” программасына жана 90
0
С темпе-
ратурасына коюп, аткаруу керек (тиркемени караңыз).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Биринчи кир жууда 2-лоток бөлүмүндө
кир жуучу каражаттын өндүрүүчүсүнүн сунуштарын эске алып,
14,15-сүрөттөргө ылайык кирди максималдык жүктөө учурунда кир
жуучу каражаттын жарымын салуу керек.
4.2 КИР ЖУУНУН АЛДЫНДАГЫ ЖАЛПЫ СУНУШТАР
4.2.1
Машинаны күйүгүзөөрдѳн мурун суу түтүк кранын ачуу керек
жана сууну агызуу менен кум жана дат сыяктуу жаман суулардын агып
кетишин текшериши керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Өндүрүүчү (сатуучу) дат, кум, ширендиге
ж.б. толгон суунун колдонулушуна байланышкан машинанын бузу
-
лушу же дефектисине, кир жуунун сапатына жоопкерчилик албайт
(анын ичинде колдонуунун кепилдик мөөнөтүндө дагы).
Эгер машина көпкө колдонулбаса, туруп калган сууну гайканы бу-
рап, түтүктү берүү кранынан ажыратып туруп, төгүүчү түтүктөгү сууну
агызуу керек. Төгүүчү түтүктү 3.4.2 ге ылайык, суу түтүгүнө кошуу керек.
4.3 ҮН СИГНАЛИЗАЦИЯСЫ
4.3.1
Үн сигналы машинанын ишинин башталышында жана аягын-
да коштойт, о.э. туура келбеген кызматтарды бергенде, тандалган про-
грамма боюнча машина иштеп жаткан убакта кокусунан баскычтарды
басып алганда чыгат.
5 И Ш ТА Р Т И Б И
5.1
Кирди даярдоо жана машинага салуу (6.1 караңыз).
Барабанда башка буюм жок экендигин, үй жаныбарлары жок экен-
дигин текшергиле.
Машинанын эшигин эшикти алдын ала блоктон чыгарып туруп, кул-
пунун үнү чыккандай кылып жабуу (эгер ал 5.7. болуп орнотулса).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кир эшик менен бекемдөөчүнүн ортосуна
кыпчылып калбашы керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Синтетикалык кир жуучу каражаттарды
(мындан ары - СКК), электр кубаттуулугун үнөмдөө үчүн жана ай
-
лана чөйрөнүн булгануусун азайтуу үчүн, кир жууда программаны
тандоо учурунда кездеменин түрүн жана кирдин булгануу деңгээлин
эске алыңыздар.
5.2
Лотокко кир жуучу автомат машиналарына багытталган кир жу-
учу каражатты жана атайын иштетүүчү каражатты салуу керек. (6.2 ка-
рагыла). Лотокту акырын жапкыла.
Машина иштеп жатканда машинадан суу агып жана чачырабашы үчүн
кир жуучу каражаттарды салуучу лотокту ачып жабууга
ТЫЮУ САЛЫНАТ
.
5.3
Кубаттануу зымынын сайгычын розеткага сайып, суу берүү кра-
нын ачкыла (9 –сүр.карагыла).
5.4
Машинаны тиркемеге ылайык күйгүзгүлө. Кир жуу программасын
тандап, зарылдыгына жараша негизги параметрлерин, кошумча функци-
яларды койгула. машина ишин баштоо үчүн БАШТОО/ПАУЗА баскычын
басуу керек, үн сигналы чыгып, машинанын блокко салуучу тутуму ишке
киришет да, машина иштеп баштайт.
8-сүрөт
9-сүрөт
10-сүрөт
11-сүрөт
12-сүрөт
5-сүрөт
6-сүрөт
7-сүрөт