![background image](/i/atlant/90939/atlant-sma-70-s-1010-02/h/atlant-sma-70-s-1010-02-055.png)
55
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кир жуу программасы аткарылып жат
-
канда машинага суу куюлуп жатканда, суу түтүгүнөн колдонуу су
-
нушталбайт. Басымдын олку-солку болушунан улам, куюлуп жат
-
кан суунун көлөмү сапаттуу кир жуу жана чайкоо үчүн жетишсиз бо
-
луп калышы мүмкүн.
5.5
Акыркы операция аяктагандан кийин, болжол менен 2 минутанын
ичинде эшиктин блокко салуучу тутуму өчөт – үч жолку үн сигналы чыгат.
5.6
Кир жуу аяктагандан кийин машинаны тиркемеге ылайык өчүрүү
керек. Кубаттануу зымынын сайгычын розеткадан сууруп, суу берүү кра-
нын өчүрүү керек.
Эгер машина электр түйүнүнөн ажыратылбаса, анда үч жолку сиг-
нал бир минута аралык менен дагы беш жолу чыгат.
Эшигин ачып, кирди алгыла.
Лотокту акырын жылдырып, машинанын ички бөлүктөрү кургамай-
ынча эшигин ачып коюу керек. Машинада жыттын пайда болушун бол-
турбоо үчүн машинанын эшиги кийинки кир жууганга чейин ачык турушу
керек. Эшигин жабуудан блокко салууну 5.7 ге ылайык орнотуу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Электр түйүнүндө кир жуу убагында
чыңалуу берүүнү токтотуу машинанын ырааттуу иштешине таа
-
сир этпейт: электр түйүнүндө чыңалуу берилгенден кийин машина
программасын кир жуунун кайсы жерине келсе, ошол жерден баш
-
тап уланта берет.
5.7 ЭШИКТИ ЖАБУУДАН БЛОККО САЛУУ
5.7.1
Эшикти блокко салуу машинанын
айрым үлгүлөрүндө машинанын кокус бал-
дар тарабынан күйгүзүлүп калышынын ка-
чуу үчүн каралган. Эшикти жабуудан блок-
ко салуу үчүн втулканы бурагычтын жарда-
мы менен саат жебеси боюнча акырына чей-
ин 13-сүрөткө ылайык буроо керек — втулка
бери чыгып, эшик жабылбай калат. Кир жуу-
нун алдында блокту алып салуу үчүн кайра
тескери ырааттуулукта буроо керек.
6 С У Н У Ш ТА Р Ж А Н А К Е Ң Е Ш Т Е Р
6.1 КИРДИ ДАЯРДОО ЖАНА ЖҮКТӨӨ
6.1.1
Кир жуунун алдында зарыл:
— шейшептерди жана кийимдерди бөлүштүрүп, ак түстөн
түстүүлөрдү бөлүп алуу;
— буюмдарды кездеменин тиби боюнча, этикеткасындагы белгилер-
ге карап бөлүштүрүү (6.3 карагыла).
Кир жуунун программасын тандоо үчүн буюмдардын кирдөө
деңгээлин аныктагыла (тиркемени карагыла);
— кир жеңил кирдеген учурда жагымсыз жыт болот, бирок так жана
кирдеген жерлер болбойт;
— орто кирдеген кир билинээрлик кирдейт жана кичине так болуп калат;
— катуу кирдегенде кирде кирдегени жана (же) тагы даана көрүнүп турат.
Айрым тактарды (чөптөн, шарик калем саптарынан, өсүмдүк май-
ынан, боектор ж.б.) машинадагы кадимки кир жуу программасы менен
кетирүүгө болбойт. Муну башында буюмдун азыраак билинген жеринен
баштап, жуугандан кийин так калып калбаш үчүн такты тазалоону чеке-
синен баштап, акырындап борборуна жетиш керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Жаңы түстүү кийимди башкалар менен
жуунун кереги жок, анткени анын боегу чыгышы мүмкүн. Ак кирди
өзүнчө бөлүп жуу керек.
6.1.2
Барабанга кир жүктөөнүн алдында зарыл:
— кийимдердин чөнтөгү бош болушу керек, айрылган жерлери ти-
гилген, сыдырмасы, илгичи жана топчулары топчуланышы керек, кетпе-
ген тактар алдын ала кетирилиши керек;
— шымдарды, аппликациясы бар буюмдарды, токулган жана трико-
таж буюмдарды тескери оодарыш керек (трикотаж кийим, футболкалар,
түгү бар буюмдар ж.б.).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Машинага кийимдер менен чогуу металл
предметтердин түшүп кетиши (тыйындар, скрепкалар ж.б.) маши
-
нанын резина бекемдөөчүсүнүн жана желим багынын бузулуусуна
алып келет. Буга окшогон бузулуулар кепилдик оңдоосуна кирбейт.
6.1.3
Майда кийимдер (байпактар, бет аарчылар ж.б.), темири бар
бюстгальтерлер, о.э. назик кийимдерди (жука колготкилер, байпактар
ж.б.) жуунун алдында атайын торго же капка салып, башка кийимдер
менен бирге жууш керек.
6.1.4
Кир жуунун жана сыгуунун мыкты сапатына жетишүү үчүн
бөлүштүрүлгөн кийимди жайып, машинанын барабанына кенен салыш керек.
Чоң кийимдерди майдалар менен бирге биринин артынан бирин ба-
рабанга салып, жууш керек. Ушундай салынган буюмдар сыгылганда ба-
рабандын ичинде тең салмакта бөлүштүрүлөт.
Машинага сууну көп сиңирип алган кездемелерден тигилген кийим-
дерди (курткалар, түктүү кол аарчылар, халатар, килемчелер ж.б.) салу-
уга
ТЫЮУ САЛЫНАТ
.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Барабандагы кийимдер тең салмакта
бөлүштүрүлбөгөн учурда сыгуунун ылдамдыгы азайат да, сыгыл
-
бай калат.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Машинага өтө көп салбагыла — кир жуу
-
нун сапаты начарлайт, кийимдердин бырышы көбөйөт. Ар бир про
-
грамма үчүн кургак кийимди максималдык салмагынан ашырбагы
-
ла (тиркемени карагыла).
6.1.5
Спорттук бут кийимди жуурдун алдында зарыл:
— бут кийимден боосун чыгаруу;
— кумдарын силкип, бут кийимдин сыртын жууш керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Табигый булгаарыдан, замшыдан жана
нубуктан тигилген спорттук бут кийимдерди жуу сунушталбайт.
6.2 СКК КОЛДОНУУ
6.2.1
Машинада 14.15-сүрөттөргө ылайык кир жуучу каражаттарды
салуу үчүн толот каралган (конструкциядан көз каранды).
Лотокто үч бөлүм бар, ал сандар жана белгилер менен белгиленген:
1 — айна түрүндөгү СКК жана агартуучу каражаттар менен алдын
ала жуу үчүн;
2 — негизги кир жуу үчүн суюк СКК үчүн тосмосу менен;
— атайын иштеп чыгуучу каражаттар үчүн (кондициялоочу, жум-
шартуучу, крахмалдоочу, жыт берүүчү кошулмалар).
6.2.2
Кир жуу үчүн СКК өндүрүүчүлөрүнүн сунуштарын эске алып,
автомат машиналары үчүн багытталган СКК, агартуучуларды жана кон-
дициялоочу каражаттарды колдонуу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Кир жуу үчүн агартуучу гелдерди колдо
-
нуу сунушталбайт
.
6.2.3
СККнын салуу өлчөмүн суунун катуулугуна, кирлердин кир бо-
луу деңгээлине жана салмагына жараша салуу керек.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! СККны көп салуу, о.э. кол менен жууй тур
-
ган СККны колдонуу өтө көбүрүүгө алып келет, ал кирдин жуулушун
начарлатып, машинаны иштен чыгарышы мүмкүн.
6.2.4
Айна түрүндөгү СКК колдонуу алдында зарыл:
— эгер тосмо 14-сүрөткө ылайык орнотулган болсо, 2-бөлүгүндөгө
лотоктон тосмону алып салуу;
— 16-сүрөткө ылайык тосмону ачуу (баскычын басып туруп, туу-
расынан абалга келтирип, жебенин багытыда болушунча буроо керек).
Айнаны лотокко салганда бөлүмүнө түшүп калбашын карап ту-
руу керек, анткени чайкоо процессинде көбүк жаралып, кийимдерде ак
так пайда болушу мүмкүн.
6.2.5
,
кошумча функцияларды тандоо учурунда, дайыма
айна түрүндөгү СКК колдонуу сунушталат, аларды 1 жана 2-бөлүмүнө
14,15-сүрөткө ылайык салышат.
6.2.6
Суюк СКК колдонууда 2-лотоктун бөлүмүнө тосмо тагылышы
керек, анда миллилитр менен сандык өлчөмдөр жазылышы керек (кон-
струкциясына жараша).
Тосмодо 14-сүрөткө ылайык сандык деңгээлдер эки жагынан тең
көргөзүлгөн. Тосмону орнотуп жаткан учурда тулкусу боюнча 328 мм,
400 мм тереңдиктеги машиналарга лотоктун ылдый жагындагы бөлүгүнө
маңдайкы бетиндеги сандык деңгээлдери менен: — 200, 150, 100, 50; ал
эми тулкусу боюнча 493 мм, 511 мм тереңдиктеги машиналарга — 300,
250, 200, 150, 100 кылып орнотуу керек.
Тосмону 15-сүрөткө ылайык орнотуу үчүн аны өзүңө тартып, анан
ылдый түшүрүү керек. Суюк СКК өлчөмүнүн сандык деңгээлдери тос-
модо көргөзүлгөн: сол жагында — 150, 100, 50 тулкусу боюнча 407 мм
тереңдиктеги машиналар үчүн; оң жагында — 200, 150, 100, 50-тулкусу
боюнча 482 мм тереңдиктеги машиналар үчүн.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Тулкусу боюнча 328 мм, 400 мм
тереңдиктеги машиналар үчүн тосмо кир жуучу каражатар үчүн ло
-
ток бери чыгарылганда гана орнотулат (7.1.2).
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Суюк СКК колдонуу учурунда 2 бөлүмүнө (не
-
гизги кир жуу үчүн) кошумча
,
функциялардын милдети кирбейт.
6.2.7
Атайын иштетүүчү каражаттарды бөлүмүнө ашыкча куюу
(14-сүрөткө ылайык капкактагы MAX белгисинен же 15-сүрөткө ылайык
бөлүмдүн каптал бетиндеги белгиден ашып кетүү), о.э. анын жанындагы
бөлүмдөргө кирип кетиши кир жуунун сапатынын начарлашына алып келет.
6.2.8
“ТАКТАР” же “ТАКТАРДЫ КЕТИРҮҮ” программасынын тандоо
учурунда агартуучу каражаттар 1 бөлүмүнө салынат жана агартуу негиз-
ги кир жуу аяктагандан кийин гана жүргүзүлөт.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Агартуучу каражатты колдонуу учурунда
алдын ала жуу кошумча функциясын кошууга болбойт.
6.2.9
Кир жуунун сапатын жакшыртуу үчүн жана машинаны II же III
катуулук деңгээлиндеги сууда кир жуу учурундагы агарган калдыктардан
сактоо үчүн СККга 2-бөлүмгө сууну жумшарткычты өндүрүүчүнүнү суну-
втулка
эшик
13-сүрөт