57
KYR
Информация для предварительного ознакомления. Официальной информацией изготовителя не является
чыпканын капкагын ачуу керек (конструкциядан көз каранды):
— 21-сүрөткө ылайык бурагыч, тыйын же башка курч предметтин
жардамы менен;
— 22-сүрөткө ылайык баскычты басуу менен.
Андан кийин машинадан түтүктү мүмкүн болушунча сууруп, идишти
суу чогултуу үчүн 22-23-сүрөттөргө ылайык орнотуу керек. Идиштин бий-
иктиги машинадан чыккан түтүктүн деңгээлинен ылдый болушу керек.
Түтүктөн тыгынды алып, сууну идишке куюу керек. Машинанын ба-
гында суунун өлчөмү көп болгон учурда төгүү бир нече жолу жүргүзүлөт.
Чыпканын туткасын 23 же 24-сүрөткө ылайык саат жебесине каршы
бурап, чыпканы сууруп алуу.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Чыпканын туткасын бураган кезде суунун
калдыгы төгүлүшү мүмкүн.
7.3.3
Чыпкадан таштандыларды тазалап, чыпканы агын суунун ал-
дында жуу керек.
7.3.4
Тыгынды түтүккө жана чыпканы машинага тескери ырааттуу-
лук менен орноткула. Чыпканын абалынын фиксациясын жана орнотуу-
нун тууралыгын текшергиле. Чыпканын капкагын жапкыла.
8 С А К Т О О Ж А Н А ТА Ш У У Ш А Р Т ТА Р Ы
8.1
Таңгакталган кир жуучу машинаны табигый желденген жабык има-
ратта 80 % көп эмес салыштырма нымдуулукта сактоо керек.
8.2
Эгер машина узак убакыт колдонулбай, жана жылытылбаган
имараттын ичинде сакталса, анда машинадан сууну толук төгүү керек:
— машинаны электр түйүнөн сууруп, кубаттануу зымынын сайгычын
розеткадан ажыраткыла;
— машинаны суу түтүгүнөн ажыратып, суу куюучу түтүктү суу берүү
кранынан ажыраткыла;
— суу төгүүчү түтүктү канализациядан ажыратып, түтүктө калган су-
уну агызуу үчүн алдын ала даярдалган идишке салып койгула;
— сууну чыпкадан 7.3.2 ге ылайык төгүп, машинаны суу толук кети-
ши үчүн эңкейтип койгула.
8.3
Машинаны ташуунун алдында зарыл:
— машинада калган сууну 8.2 ге ылайык төгүү;
— машинанын багы жабыркабашы үчүн, втулкасы менен блокко са-
луучу винттерди орнотуу (3.1.2 карагыла- тескери ырааттуулукта).
8.4
Машинаны жумушчу абалда (тик) үстү жабык машинанын бар-
дык түрүндө, бекем байлап ташуу керек.
Машинаны жүктөө – түшүрүү жумуштарында кандайдыр бир сокку-
га кабылтууга
ТЫЮУ САЛЫНАТ
.
9 М Ү М К Ү Н Б О Л Г О Н Б У З У К ТА Р Ж А Н А
А Л А РД Ы Ч Е Т Т Е Т Ү Ү Ы К М А Л А Р Ы
9.1
Керектөөчү тарабынан четтетиле турган бузуктар 2-таблицада
көргөзүлгөн.
9.2
Эгер 2-таблицада көргөзүлгөн бузукту өз алдынча четтете
албасаңар, о.э. дисплейде
“F2”, “F3”, “F4”,“F5”,“F6”, “F7”, “F8”, “F9”,
“F10”, “F11”, “F12”, “F13”, “F14”, “F15”, “F16”
чыгып турса, машинаны
электр түйүнүнөн ажыратып, сервиз кызматынын механигин чакыруу керек.
9.3
Сервис кызматына кайрылган учурда машинанын үлгүсүн жана
заводдон чыккан номерин көргөзүү керек.
9.4
“Аквастоп” коргоо тутуму иштегенге чейин (“F15” чыгат) машина-
дан бир аз суу чыгышы мүмкүн.
1 0 У Т И Л Д Е Ш Т И Р Ү Ү
10.1
Машинаны таңгактоо үчүн пайдаланылган материалдарды экин-
чи сырье чогултуу пункттарына тапшырса, кайра иштетилип, кайталап
колдонулса болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Балдарга таңгактоочу материалдар ме
-
нен ойноого уруксат бербегиле, анткени жылтыракка оронуп, ду
-
мугуп калуу коркунучу бар.
10.2
Утилдештирүүгө таандык машинаны жараксыздыкка алып келүү
зарыл, анын кубаттануу зымын кесип, эшиктин кулпусун сындыруу ке-
ерк. Машинаны утилдештирүүнө мамлекеттин мыйзамдарына ылайык
жүргүзүү керек.
11 К Е П И Л Д И К М И Л Д Е Т Т Е Р И Ж А Н А
Т Е Х Н И К А Л Ы К Т Е Й Л Ө Ө
11.1 Машинанын кепилдик тейлөө мөөнөтү 3 жыл.
Кепилдик тейлөө мөөнөтү сатылган күндөн баштап эсептелинет, эгер
сатуу туурасындагы белги жок болсо — буюмдун заводдук номеринде
көргөзүлгөн жасалган күнүнөн баштап.
11.2
Кепилдик милдеттенмелери жайылтылбайт:
— сервистик мекемелердин тизмесине кирбеген жактар тарабынан
оңдоо иштерин жүргүзүүгө;
— кыймылдаган транспорттун бардык түрлөрүндө буюмду колдо-
нуу учурунда;
— колдонуу боюнча нускамада келтирилген орнотуу, кошуу, колдонуу
эрежелерин жана коопсуздук талаптарын колдонбогон учурда;
— буюмдун жана анын курамдык бөлүктөрүнүн механикалык, хими-
ялык жана термикалык бузулууларына;
— шашылыш шарттар же жеңүүгө мүмкүн болбогон күчтөрдөн улам
(өрт, табигат кырсыгы, ж.б.), же үй жаныбарлары, курт кумурскалар жана
кемирүүчүлөрдөн келип чыккан бузулууларга.
11.3
Колдонуунун кепилидк мөөнөтүндө машинанын иштөө сапатын
текшерүү акысыз жүргүзүлөт. Машинаны кепилдик оңдоо үчүн жеткирүү
жана ойдоодон кийин аны кайра алып кетүү кепилдик оңдоону жүргүзүп
жаткан мекеменин күчү жана каражаты менен жүргүзүлөт.
Эгер текшерүүнүн натыйжасында машинанын кемчилиги тактал-
баса, анда транспорттук чыгымдарды прейскурант боюнча машинанын
ээси төлөп берет.
Машинаны колдонуудагы шарттарды бузуудан улам кемчиликтер
келип чыккан убакта транспорттук чыгымдар жана оңдоону прейскурант
боюнча машинанын ээси төлөп берет.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Өндүрүүчү (сатуучу) орнотуу, кошуу жана
буюмду колдонуу эрежелери сакталбагандан улам келип чыккан
керектөөчүнүн жашоосуна, ден соолугуна жана мүлкүн келтирил
-
ген зыян үчүн жоопкерчилик албайт.
Керектөөчүнүн, сатуучунун жана өндүрүүчүнүн укуктары жана мил-
деттери “Керектөөчүнүн укуктары туурасында” Мыйзамы менен жөнгө
салынат.
11.4
Техникалык тейлөө жана машинаны оңдоо иштөө мөөнөтү аяк-
таганга чейин сервистик тейлөөнүн квалификациялуу адиси тарабынан
жүргүзүлүшү керек.
11.5
Машинаны орнотуу жана электр түйүнүнө жана суу түтүгүнө ту-
таштыруу боюнча монтаждоо иштери керектөөчүнүн эсебинен жүргүзүлөт.
11.6
Сервистик тейлөө мекемесинин дареги туурасындагы маалы-
матты машинаны саткан мекемеден алса болот, о.э. жеткирүүнүн жыйна-
гына кирген сервистик мекемелердин тизмесинен тапса болот.
КӨҢҮЛ БУРУҢУЗДАР! Сервистик тейлөөнүн механигинен ма
-
шинанын иштөө мөөнөтүндө бардык аткарылган иштери боюнча
(59-бетти карагыла) 3-таблицаны толтурууну талап кылгыла.
чыпканын капкагы
21-сүрөт
22-сүрөт
23-сүрөт
24-сүрөт
чыпканын капкагы
капкак
тутка
чыпка
түтүк
идиш
пробка